Бүгүн, 14-мартта Украина менен Россиянын делегациясынын кезектеги сүйлөшүүсү өтөт. Бул тууралуу Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков кабарлады.
Маалыматка ылайык, эки тараптуу сүйлөшүү бүгүн видеоконференция форматында өтөт.
Украина тарап бул сүйлөшүү кандайдыр бир натыйжа бере турганына үмүт артып турарын билдирген.
Буга чейин орус-украин делегациясы үч жолу сүйлөшүү өткөрүп, сүйлөшүүлөр жарытылуу жыйынтык берген эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн