Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Орус-украин делегациясынын үчүнчү сүйлөшүүсүндө дагы маанилүү жылыш болгон жок

08.03.2022 08:38
447
Орус-украин делегациясынын үчүнчү сүйлөшүүсүндө дагы маанилүү жылыш болгон жок

7-мартта орус-украин делегациясынын үчүнчү сүйлөшүүсү болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.


Орус делегациясынын башчысы Россия президентинин жардамчысы Владимир Мединскийдин айтымында жолугушууда гуманитардык коридорлор көйгөйү узакка талкууланды. Ал эртеңден тарта аталган коридорлор иштей баштарына ишеним арткандыгын билдирди.


Ал эми Украина делегациясынын башчысы Украина президентинин кеңсе жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк гуманитардык коридорлор боюнча логистиканы жакшыртуу маселесинде жылыштар бар деген маалымат берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн