Бүгүн, 20-декабрда Украинанын президенти Владимир Зеленский Донбасстагы Бахмут шаарына келди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары Зеленскийдин маалымат катчысы Сергей Никифоровго таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Зеленский Бахмут шаарына келип, алдыңкы отрядда согушуп жаткан аскерлер менен жолугушкан жана аларга мекенди коргоодо көрсөткөн эрдиктери үчүн сыйлыктарды тапшырган.
Белгилей кетсек, бүгүн орус-украин конфликтинин башталганына 300 күн болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн