Москва шаарында белгилүү сатирик, жазуучу Анатолий Трушкин коронавирус илдетинен каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
79 жаштагы Анатолий Трушкин май айынын башында COVID-19 инфекциясы менен ооруканага жаткырылган. Кийин анын абалы оор экендиги кабарланган. Кээ бир маалыматтар боюнча сатириктин жубайы дагы коронавирус менен ооруп, айыккан.
Анатолий Трушкин — орус жазуучусу, сатирик, редактор жана сценарист. Бир нече сыйлыктардын ээси.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн