Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Орусия ЖККУ күчтөрүн Украинадагы атайын операцияга тартабы?

20.06.2022 16:40
689
Орусия ЖККУ күчтөрүн Украинадагы атайын операцияга тартабы?


ЖККУнун күчтөрүн Украинадагы атайын операцияга тартуу варианты каралган жок, деп билдирди РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.


"Жок, бул вариант каралган жок", - деди Песков журналисттердин Кремль ЖККУнун күчтөрүн Украинадагы атайын операцияга тартуу вариантын карап көрдүбү деген суроосуна жооп берип жатып.


Ошол эле учурда Песков Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун чоң маанисин белгиледи. "Жакынкы мезгилде ЖККУ өзүнүн пайдалуулугун, натыйжалуулугун жана актуалдуулугун көрсөттү. ЖККУну өнүктүрүү тышкы саясат чөйрөсүндөгү биздин артыкчылыктуу багыттардын бири", - деп баса белгиледи Кремлдин басма сөз катчысы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн