Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 02:14
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Орусия өкмөтү Кыргызстанда мектептерди куруу боюнча келишимди ратификациялады

25.09.2023 09:18
268
Орусия өкмөтү Кыргызстанда мектептерди куруу боюнча келишимди ратификациялады


Орус өкмөтү Кыргызстан менен орус тилинде окуткан биргелешкен мектептер тууралуу келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин сайтында айтылат.


Документ Мамлекеттик Думанын кароосуна коюлары көрсөтүлгөн. Келишим Кыргыз Республикасында россиялык стандарттарга ылайык кадрларды даярдоо менен биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын түзүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.


Эске сала кетсек, Орусия жакынкы жылдары Кыргызстанда республиканын бардык аймактарында 11 миңден ашык бала окуй турган тогуз мектеп курууну пландоодо.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн