Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Орусияда 18 кыргыз жараны иш берүүчүлөргө паспортун алдырып койгон

26.08.2021 15:06
629
Орусияда 18 кыргыз жараны иш берүүчүлөргө паспортун алдырып койгон

Орусияда жумуш берүүчүлөр тарабынан паспорттору алынган 18 кыргыз жараны документтерин кайра алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.


"Консулдук бөлүмдүн кызматкерлери Калуга облусунун Балабаново шаарына барышкан. Анда ушул жылдын 17-майында 18 Кыргыз жаранынын турган топ Бишкектен Балабанового иштөө үчүн бейтааныш аял аркылуу келгени аныкталган. Алар Орусияга келгенде Айнагүл аттуу аял аларды "Шереметьево" аэропортунан тосуп алып, Балабанового алып келгенден кийин паспортторун алып кеткен. Мигранттар "Техмашимпекс" компаниясында эки ай иштешкен. 24-августта элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлеринин жардамы менен паспорттор ээлерине кайтарылып берилди", - дешти маалымат кызматынан.


Кыргыз жарандары менен Орусиянын эмгек мыйзамдарынын маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Мыйзамсыз миграцияны уюштурууга жол бербөө максатында Орусия менен Кыргыз мамлекетинин укук коргоо органдары аркылуу улантыларын кошумчалашты мекемеден.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн