Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 11:39
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Орусиялык ырчы Юрий Шатунов көз жумду

23.06.2022 14:32
975
Орусиялык ырчы Юрий Шатунов көз жумду


"Ласковый май" тобунун солисти Юрий Шатунов 48 жашында каза болгон. Ал катуу жүрөк оорусунан жабыркаган.


Маалыматка ылыйык, ырчы бүгүн түнү тез жардам унаасында каза болгон. Шатунов "Ак розалар" жана "Боз түн" ырларынын аткаруучусу катары белгилүү.


"Звезда" телеканалынын айтымында, Шатуновдун өкүлү Аркадий Кудряшов ырчынын өлүмүнө катуу инфаркт себеп болгон: "Бүгүн түнү Юранын жүрөгү тез жардам унаасында токтоп калган".


Юрий Шатунов 1973-жылы Башкырт Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасында туулган, 1986-1991-жылдары Ласковый Май тобунун солисти болгон. Ал калың элге “Ак розалар”, “Жай”, “Түн болсун”, “Боз түн” жана башка хиттердин аткаруучусу катары белгилүү. Бул топ 1991-жылы Шатунов кеткенден кийин эле тараган. Андан кийин Шатунов Германияга барып, ал жактан үн инженери адистигин алган. Бир нече убакыт студияда гана иштеп, андан кийин жеке карьерасын уланткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн