Бугу 10, 2024
Убакыт: 08:32
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Орусиялык жана беларус спортчулары Азия оюндарына катыштырылбайт

04.09.2023 09:42
686
Орусиялык жана беларус спортчулары Азия оюндарына катыштырылбайт


Орусиялык жана беларус спортчулар Кытайда 23-сентябрда башталчу Азия оюндарына катыштырылбайт. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитети 3-сентябрда билдирип, себебин «техникалык мүчүлүштүктөр» менен түшүндүрдү.

Буга чейин Азиянын Олимпиада кеңеши эки өлкөнүн 500дөй спортчусуна нейтралдуу желек алдында мелдештерге катышууга уруксат берген.

Белгилей кетсек, жайкы Азия оюндары быйыл Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт. Ага 45 мамлекеттен 12 миңден көп спортчу катышат.

Азырынча орусиялык спортчулардын Париждеги Олимпиадага катышуусу тууралуу маселе чечиле элек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн