Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 22:58
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Орусиялык журналисттин Нобель сыйлыгы аукциондо сатылды

21.06.2022 12:19
941
Орусиялык журналисттин Нобель сыйлыгы аукциондо сатылды


Орусиялык "Новая газета" коомдук-саясий гезитинин башкы редактору Дмитрий Муратовдун Нобель медалы Нью-Йорктогу Heritage аукционунда 103 миллион 500 миң долларга сатылды. Сыйлыкты сатуудан түшкөн бардык каражат ЮНИСЕФке украиналык качкындарга жардам берүү үчүн жумшалат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышат.


"Бизди дүйнө эли колдойт деп ишенебиз. Адилетсиздик менен күрөшүү үчүн флешмоб өткөргүбүз келет. Качкындарга жардам берүү үчүн жеке мурастарын аукционго коюуга даяр адамдар чыгат деп үмүттөнөбүз", - деген Дмитрий Муратов.


ЮНИСЕФ каражат Украинадан качкын балдар бар бардык өлкөлөргө бөлүнөрүн убада кылды.


Буга чейин Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгы филиппиндик жазуучу Мария Ресса менен "Новая газетанын" башкы редактору Дмитрий Муратовго ыйгарылганы маалымдалган. Алар бул сыйлыкты "демократиянын жана туруктуу тынчтыктын шарты болгон сөз эркиндигин коргоодогу аракеттери үчүн" алышкан.
https://www.super.kg/kabar/news/410807/

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн