Бугу 02, 2024
Убакыт: 09:15
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Орусиянын биржасында бензиндин баасы рекорддук көрсөткүчүн жаңыртты

26.07.2023 15:27
617
Орусиянын биржасында бензиндин баасы рекорддук көрсөткүчүн жаңыртты


Биржада «Регуляр-92» жана «Премиум-95» бензининин биржа баасы дүйшөмбү күнкү сооданын жыйынтыгы боюнча өсүүнү улантып, өзүнүн рекорддук баасын кайрадан жаңылады. Бул тууралуу Санкт-Петербург эл аралык товардык биржасынын маалыматында айтылат.


АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир суткада 0,55 пайызга кымбаттап, тоннасына 64 миң 879 рублди түздү. Анын наркы катары менен 13 соода күнү рекордду жаңылоодо. АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 0,21 пайызга — тоннасы 69 миң 925 рублга чейин кымбаттады, бул дагы рекорддук көрсөткүч.


Дизелдин баасы аукциондун жыйынтыгы боюнча өзгөргөн жок жана тоннасына 57 миң 635 рублдин тегерегинде калды. Мазуттун баасы 1,65 пайызга, тоннасына 23 миң 181 рублди түзсө, авиакеросиндин баасы 0,21 пайызга, тоннасына 65,65 рублди түздү.


Белгилей кетсек, Кыргызстандын нефтетрейдерлери республикага күйүүчү-майлоочу майларды Орусиядан пошлинасыз ташып келишет. Демек, ички рыноктогу баа Россия Федерациясындагы күйүүчү майдын биржа баасына түздөн-түз көз каранды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн