Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош АШК курамынан «Замандаштын» өкүлү чыгарылып, ордуна «Мекеним Кыргызстандын» өкүлү кирди

28.07.2020 15:52
1233
Ош АШК курамынан «Замандаштын» өкүлү чыгарылып, ордуна «Мекеним Кыргызстандын» өкүлү кирди


Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйналышында Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды.


БШК басма сөз кызматы маалымдагандай, өзү берген жеке арызынын негизинде «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Каримбеков Рустам Мукашевич Ош АШК курамынан чыгарылды, анда себеп катары башка жакка көчүп кеткени көрсөтүлгөн. Анын ордуна «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Топчубаева Бактыгүл Амановна комиссиянын курамына киргизилди.


Бул өзгөртүүлөргө ылайык ушул АШК курамында саясий партиялардын 6 өкүл жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан 6 өкүл, резервде – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан 51 өкүл бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн