Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Ош-Баткен жолу качан бүтөрү айтылды

11.12.2020 12:15
575
Ош-Баткен жолу качан бүтөрү айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдолимжон Джураев Ош-Баткен жолунун курулушу качан бүтөрүнө кызыкты.


"Аймактарга болгон сапарыңызда жолдун абалын көрдүңүз. Ал быйыл бүтүшү керек болчу. Эмне үчүн бүтпөй калды?",-деп сурады ал.


Ага премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков  оңдоо иштерин жүргүзгө компаниянын жана жергиликтүүлөрдүн техникалык көйгөйлөр бар деп жооп берди.


«Жол калктуу конуштар аркылуу өтөт. Бирок 2021-жылы иш аягына чыгат», - деди ал.


Ага депутат 2020-жылы министрлер кабинети дагы жумуш 2020-жылы бүтөт деп убада бергендигин белгиледи.


"Биз ишти 2021-жылдын аягына чейин бүтүрөбүз, ал тургай июль айына чейин бүтүрүүгө аракет кылабыз", - деди А.Новиков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн