Бугу 15, 2024
Убакыт: 07:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ош-Бишкек унаа жолунда "Т" формасындагы жолдун курулушу башталды

21.12.2022 15:26
654
Ош-Бишкек унаа жолунда  "Т" формасындагы жолдун курулушу башталды

Ош-Бишкек унаа жолунан (“Т-образка”) Ош шаарына баруучу жолдун курулушу башталды 


Бүгүн, 21-декабрда Ош шаарындагы Ош-Бишкек унаа жолунун 660-чакырымынан (“Т-образка”) Привокзальная көчөсүнө чейинки жолду куруу иштери башталды. 


Белгилей кетсек, кечээ Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов бул жерге барып, Ош шаарында жыл сайын унаалардын көбөйүшүн эске алып, тиешелүү жол кызматтарына Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтү жана ДЭП-21 ишканасы менен биргеликте жолду куруу үчүн даярдык иштерин баштоого көмөк көрсөтүү тапшырмасын берген. 


Ош шаарынын башкы планына ылайык, бир катар долбоорлор каралып жатат, анын ичинде Привокзальная көчөсүнөн Увам жана Үч-Кунан каналдары аркылуу “Т” формасындагы жолго чыгуучу жолдун долбоору бар. 


Бул долбоордун негизги максаты – шаардын көчөлөрүндөгү, анын ичинде калаанын кире беришиндеги Монуев көчөсүндөгү унаа тыгындарын чечүү. Демилге Ош шаарынын бекитилген башкы планына ылайык шаарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында иштелип чыгууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн