Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 16:06
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Ош-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгынан 4 адам каза болду

25.05.2020 11:25
1300
Ош-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгынан 4 адам каза болду

 

25-майга караган түнү саат 01:00 чамасында Ош-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгы катталып, төрт адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.


Маалыматка ылайык, Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылынын 31 жаштаг Б.Т. аттуу тургуну Хонда Одиссей унаасынын чукул бурулушта рулуна ээ боло албай, жолдун четиндеги 150-200 метр болгон тик ылдыйышка түшүп кеткен.


Натыйжада эки эркек, бир аял жана айдоочу окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми калган 20 жаштагы Т.А., 18 жаштагы Р.Р. жана 22 жаштагы К.А. денесинен ар кандай жарааттарды алып, Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.


Учурда каза болгон жүргүнчүлөрдүн өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатканы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн