Токтогул районунун тургуну Ош-Бишкек жолунда даракка асынып алган жеринен табылды. Бул тууралуу прокуратурадан тастыкташкан.
Маалыматка ылайык, 17-август күнү саат 17:00 чамасында Үч-Терек айылынын 1963-жылы туулган тургуну Ош-Бишкек жолунун 351-чакырымында (Көк-Бел, Кара-Көл шаары) даракка асынып алган.
Алдын ала маалымат боюнча өз өмүрүнө кол салган. Учурда тергөө жүрүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн