Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 17:56
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ош-Бишкек жолунда баңгизат сатып жаткан адам кармалды

13.03.2020 10:20
849
Ош-Бишкек жолунда баңгизат сатып жаткан адам кармалды


Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда мыйзамсыз баңгизат сатып жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.


Маалыматка ылайык, 11-март күнү Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы Ош-Бишкек унаа жолунда баңгизат сатып жаткан 1983-жылы туулган Т.З. аттуу жаран кармалган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын жанынан 4 килограмм 633 грамм баңгизаты чыккан.

Аталган факт боюнча 267-берене (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

“Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Т.З. баңгизатын өзүнүн айылдашы Токтогул районунун тургуну 1965-ж.т. Т.Ж.дан алгандыгын билдиргендиктен, анын жашаган үйүнө кечиктирилгис тинтүү иштери жүргүзүлүп, даярдоого керектүү болгон далил буюмдар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган”, - деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү жарандар Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн