Бугу 07, 2024
Убакыт: 00:57
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ош-Бишкек жолунда жүргүнчү, малчы жана туристтерди кабыл алуучу стационар ачылды (фото)

27.07.2020 08:57
1183
Ош-Бишкек жолунда жүргүнчү, малчы жана туристтерди кабыл алуучу стационар ачылды (фото)

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Бишкек-Ош жолунун Суусамыр өрөөнүндөгү "Токойлуу" тилкесинде орун алган ыкчам медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүндөгү күндүзгү стационарга барды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы маалымдады.


Стационардын иши менен таанышкан төрага медициналык кызматкерлердин айлык маянасын, жеке коргонуучу каражаттарын, дарыларды жана кычкылтек концентраторун камтыган 250 миң сомдук көмөк көрсөттү.


Жумабеков пандемия шартында көрсөткөн эрдиги жана күжүрмөн эмгектери үчүн медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Бишкек-Ош жолунун ушул тилкесинде күндүзгү стационардын ачылышы азыркы маалда өтө маанилүү экенине токтолду. 


Белгилей кетсек, аталган дарылоо мекемеси Төө-Ашуудагы тешкен тоодон Ала-Белге чейинки 209 км жолду тейлеп, жүргүнчүлөргө, туристтерге жана жайлоодогу малчыларга кызмат көрсөтөт. Стационар Суусамыр айылынан 35 км, Кара-Балта шаарынан 100 км алыстыкта жайгашкан.


Жолугушуу маалында андагы кызматкерлер медициналык жайдын имаратын оңдоо зарылчылыгын маалымдашып, төрага аталган маселени өз көзөмөлүнө аларын белгиледи.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн