Ош-Сары-Таш-Эркештам автожолунун эки жерине кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.
Маалым болгондой, унаа жолдун 161-162 чакырымында эки жерден, 177-178 чакырымында дагы төрт жерден көчкү түштү. Көчкүнүн көлөмү 7000 метр кубду түзөт.
Учурда кызматкерлер жолду көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн