Бугу 04, 2024
Убакыт: 08:02
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ош-Исфана-Бишкек авиа каттамы калыбына келтирилди

15.01.2021 11:12
506
Ош-Исфана-Бишкек авиа каттамы калыбына келтирилди

2021-жылдын, 18-январында Бишкек-Исфана-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам ачылат. Авиакаттамдарды “Tez Jet” авиакомпаниясы аткарат. Бул тууралуу  "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.


Авиакомпания ар жуманын дүйшөмбү күнү учуп, учуу узактыгы 1 саат 15 мүнөт түзөт.

Бишкектен учуп кетүү - 11:00.

Исфанага учуп келүү - 12:15.

Исфанадан учуп кетүү - 13:05,

Бишкекке учуп келүү - 14: 20.


Маалымат катары: 2020-жылы аэропортко мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Реконструкция долбоордун алкагында учуп-конуу тилкеге, рулеждук жолчого, аба кемелерди токтотуучу жайга жана перронго реконструкциялык иштери жүргүзүлдү. Заманбап атайын геосинтетикалык курулуш материалдарын колдонуу менен 75 миң чарчы метр асфальт бетон төшөлдү. Учуп-конуу тилкенин жалпы узундугу 1735 метр, ал эми туурасы 35 метрди түздү.


Мындан тышкары, 2019-жылы жалпы аянты 553 кв.м. болгон жаңы аэробекет курулган, ичинде жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, алар – каттоочу орундар, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн текшерүүчү аппараттар, жүк лентасы, эне-бала бөлмөсү жана башкалар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн