Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош-Исфана унаа жолу кайрадан ачылды (видео, фото)

01.05.2021 18:18
1014
Ош-Исфана унаа жолу кайрадан ачылды (видео, фото)


Бүгүн, 1-майында, Тажикстандын Исфара районунун Ворух айылында Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев менен Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Абдулло Навжувонов менен жолугушуу болуп өттү


Жолугушуунун жүрүшүндө, чек ара аймактарында жарандардын коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти орнотуу жана укук бузуулардын алдын алуу маселелери талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, Баткен облусунун Жака-Өрүк участкасынан өткөн, тажик тарабынан жабылган Ош-Исфана унаа жолу ачылды.

.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн