Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:09
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Ош: ӨКМнын, ИИМдин кызматкерлери сактануучу атайын кийимдер менен толук жабдылды (фото)

04.04.2020 11:40
1192
Ош: ӨКМнын, ИИМдин кызматкерлери сактануучу атайын кийимдер менен толук жабдылды (фото)


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, укук коргоо органдарынын кызматкерлери сактануучу атайын кийимдер менен толук жабдылды. Бул тууралуу Ноокат,  Кара-Суу райондору жана Ош шаарынын комендатурасынан кабарлашты.  


Маалыматка ылайык, Ноокат жана Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, ӨКМнын, жол кайгуул жана залалсыздандыруу ишканасынын, медицина кызматкерлери сактоочу атайын кийимдер менен толук камсыздалган. Чакыруу болгон жайларга ыкчам-тергөө тобу ушундай атайын кийимдер менен барып окуя болгон жерлерде санитардык эрежелерди сактоо менен иш жүргүзөт.


"Буга чейин башка мамлекеттердеги аталган тармактын кызматкерлери оорулууну текшерүү, кароо, обсервацияга алуу учурунда өзүнө жугузуп алуу фактылары катталган үчүн, Өкмөт мындай учурларды алдын-алуу талабын койгон", - деп билдиришти комендатурадан.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн