Коменданттык убактын талаптарын бузуп, милицияга кол көтөргөнү үчүн Ош облустук сотунун судьясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаары, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча коменданттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-апрелден 7-апргелге караган түнү Ош облустук сотунун судьясы мас абалында коменданттык сааттын шарттарын бузуп, милиция кызматкерине кол көтөргөн. Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 355- беренеси («Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү жана коркутуу») боюнча сотко чейинки териштирүү башталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн