Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 06:24
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Ош - Ноокат жолунун жээктери жашылдандырылат

22.09.2021 13:30
1942
Ош - Ноокат жолунун жээктери жашылдандырылат



Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош-Ноокат жолунда жайгашкан шагыл, асфальт чыгарган ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ош облусунун башчысы аталган мекемелердин чарбалык жумуштарында кемчиликтер бар экенин айтып, жашылдандыруу жумуштарын аткаруу керектигин айтты.


“Ош - Ноокат жолу эл аралык маанидеги жол. Бул жердеги шагыл, асфальт чыгарган заводтордун тазалыгында кемчиликтер көп экен. Тез арада таштандыларды тазалап, жашылдандыруу жумуштарын алып барыш керек. Ал эми Архитектура менен биргеликте ар бир өндүрүш ишкана тосмолордун эскизин иштеп чыгып, орноткула ”,- деди Зиядин Жамалдинов


Мындан сырткары, аталган мекемелердин экологияга келтирген зыянын, төлөнүп жаткан салыктарды текшерип чыгуу тапшырмасын берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн