Бугу 15, 2024
Убакыт: 16:27
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ош ШИИБ бир жылдан бери дайынсыз болгон 18 жаштагы кыз издөө салат

15.08.2020 16:06
1439
Ош ШИИБ бир жылдан бери дайынсыз болгон 18 жаштагы кыз издөө салат


Ошто 1 жылдан бери 18 жашар кыз дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ак-Буура милиция бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан дайынсыз жоголгон Салиева Муножат Абдукахаровна изделүүдө. Ал 2019-жылдын 15-июль күнү Кара-Суу районунун аймагында жашаган өз үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.

"Криминалдык милиция кызматы жогорудагы кыздын жүргөн жерин аныктоо максатында кайрадан коомчулукка жардам сурат кайрылат.
Дайынсыз жоголгон Салиева Муножат, 2002-жылы туулган, бою 165-170 см., жоголгон күнү үстүндө кара-ак (полосалуу) түстөгү джемпир, кара шым жана кара түстөгү бут кийими болгон.  Айрым жакындар бул кызды жоголгон күнү Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүнөн көрүшкөндүктөрүн айтышкан"
 - деп айтылат маалыматта.

Милиция жогорудагы кыз тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ жарандар болсо 03222-2-75-15,0702-17-09-17, 0551-05-42-75 телефондору аркылуу маалымат берип коюшуңуздарды суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн