Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:11
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды

11.04.2023 11:54
178
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды



Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


 Катуу бороондон улам жолдо кар күрткүсү пайда болду. Жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №960 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат. Тазалоо иштери 214-227-чакырым аралыгында жүрүүдө.


Бороон басылаар менен жолдогу абал калыбына келтирип, бардык тарапка каттам берилет. 


Ал эми аталган жолдун Талдык ашуусунда карды тазалоо жумуштары жүрүп, унаа кыймылына чектөөлөр жок.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн