Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:12
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ош аэропортунда 2 килограммдай алтынды аткезчилик менен алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды

22.03.2022 12:25
544
Ош аэропортунда 2 килограммдай алтынды аткезчилик менен алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды

Ош аэропортунда контрабандалык жол менен алып бара жаткан 2 кг жакын салмактагы алтын буюмдар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.


2022-жылдын 19-март күнү саат 19:30дар чамасында, Ош ОИИБдин кызматкерлери менен Түштүк бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иш чаралардын натыйжасында алтын буюмдарды контрабандалык жол менен алып бара жаткан 4 жаран кармалган.


Аталган жагдай Ош ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзүлүп тиешелүү материалдар топтолгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Өзбекистан Республикасынын жарандары: 51 жаштагы М. Л. атту жарандан салмагы 500 граммды түзгөн ак алтындан жасалган зергердик жасалгаларды ( эки даана билерик, бир даана шакек жана бир даана моюга тагуучу жынжырча), 51 жаштагы М.Т. аттуу жарандан (аял киши) салмагы 430 граммды түзгөн алтындан жасалган зергердик жасалгалар ( эки даана шакек, бир даана билерик, бир даана моюнга тагуучу жынжырча),

27 жаштагы Н.Н. аттуу жарандан салмагы 504 граммды түзгөн алтындан жасалган зергердик жасалгалар (бир даана шакек, эки даана билерик, бир даана моюнга тагуучу жынжырча) жана 23 жаштагы М.Н. аттуу жарандан салмагы 508 граммдан турган алтындан жасалган зергерлик жасалгалар (эки даана шакек, эки даана билерик жана бир даана моюнга тагынуучу жынжырча) баары болуп 1 кг.972 грамм алтындан жасалган зергерлик жасалгаларды тагынып өтүп бара жатышкан жеринен, Ош Эл аралык аэропортунда кармалышкандыгы аныкталган. 


Бүгүнкү күндө аталган атуулдардын көрсөтүлгөн алтын буюмдарын алган жерин жана эмне максатта алып бара жатышкандыгын аныктоо максатында текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн