Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош аэропортунда таксисттерге байланыштуу терс көрүнүштөрдү жоюу тапшырмасы берилди

05.08.2022 11:57
611
Ош аэропортунда таксисттерге байланыштуу терс көрүнүштөрдү жоюу тапшырмасы берилди



КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусундагы укук коргоо органдарынын жетекчилерин кабыл алды. 



Ош облусунун өкүлүчүлүгү билдиргендей, жолугушууда Ош эл аралык аэропортундагы жергиликтүү такси кызматынын айдоочуларынын жүргүнчүлөргө кылган терс мамилесин жөнгө салуу боюнча сүйлөшүштү. Ош облусунун башчысы Ош эл аралык аэропорту аркылуу каттаган Өзбек жарандарынын жана чет өлкөдөн келген туристтердин коопсуздугун сактоо, алардын үчүн шарттарды түзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.


“ Ош эл аралык аэропорту аркылуу каттаган башка өлкөнүн жана Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун сактоо биздин милдет. Акыркы коомчулукта сөз болуп жаткан терс көрүнүштөрдү жоюу боюнча тезинен иш алып барышыбыз керек. ИИМдин Ош облусу боюнча башкармалыгы Ош эл аралык аэропортунундагы таксистерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тартипке чакырыңыздар. Ал эми милдеттеринен аша чапкан айдоочулар болсо мыйзам чегинде чара көрүңүздөр. Ошондой эле такси айдоочулары өзүм билемдик менен коюп алган бааларды жүргүнчүлөрдү ошол баа менен гана ташыйбыз деген көрүнүштөр болбосун, ар бир жүргүнчүгө 500 сомдон жол акы алып жатат деп айтылууда. Бул маселени да көзөмөлгө алгыла, бааны арзандатып, бирдиктүү баа болушу керек”,-деди Зиядин Жамалдинов


Жыйында Зиядин Жамалдинов Ош эл аралык аэропортунун жана Достук чек ара бекетинин аймагында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып баруусу боюнча тапшырма берди. Ошондой эле Ош эл аралык аэропортунан Достук чек ара бекетине каттаган жарандар үчүн өзүнчө маршруттук каттам киргизүү сунушу айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн