Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 14:18
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

"Ош" аэропортунун шыбынын урап түшүшүн комиссия иликтейт

19.05.2022 10:07
1123
"Ош" аэропортунун шыбынын урап түшүшүн комиссия иликтейт

“Ош” аэропортундагы суу каптоону иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзүлөт. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.


Эскерте кетсек, кечээ, 18-майда катуу жааган жаандан жана мөндүрдөн улам “Ош” аэропортунун шыбы урап түшкөн. Аэропорттун шыбынан суу агып, бир бөлүгү урап калган.


“Ал учурда аэропорт штаттык режимде иштеп жаткан. Бардык рейсттер өз убагында аткарылууда”, - деп айтылат маалыматта.


18-май саат 20:00гө карата бардык мүчүлүштүктөр жоюлган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн