Бугу 14, 2024
Убакыт: 17:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ош аймактардан кирүүгө убактылуу чектөө киргизет

18.03.2020 15:12
741
Ош аймактардан кирүүгө убактылуу чектөө киргизет


Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов коронавирустун алдын алуу үчүн шаар тургундарын зарылдыгы жок болсо, үйдөн чыкпай туурууну сунуштады. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан кабарлашты.


“Шаарда маданий, спорттук иш-чараларды, ар кандай жыйындарды, тойлорду, мааракелерди өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилет. Азыркы учурда өлкөдөгү медициналык кырдаал толук бойдон көзөмөлдө турат. Дүкөн, дарыканалар штаттык тартип менен иштеп жатат”, - деген Сарыбашов.


Ошондой эле, штабдын жыйынында аймактардан кирип-чыккан каттамдарга да убактылуу чектөө киргизилгени айтылды.


Ал эми Ош эл аралык аэропортунун жетекчиси Талантбек Ысаков учурда аэропортто ички каттамдар гана каттап, эл аралык каттамдар убактылуу токтотулгандыгын билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн