Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:55
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Ош базарда көчөдө соода кылгандарга карата күчөтүлгөн рейд өтөт

05.02.2021 15:07
1109
Ош базарда көчөдө соода кылгандарга карата күчөтүлгөн рейд өтөт

Ош  базардын айланасында көчөдө соода кылган адамдарга карата күчөтүлгөн тартипте рейддер жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев билдирди.


Анын айтымында, бүгүн өкмөт үйүнүн алдында Ош базарда соода кылган жарандар көчөдө соода кылгандар алардын ишине тоскоолдук жаратканын айтышып минтингге чыккандыктан көчөдө соода кылгандарга  рейд жүргүзүлөт.


"Бул маселе 20 жылдан бери  чечилбей келе жатат. Биз буга чекит коёбуз. Патент төлөп соода кылгандарды да туура түшүнүш керек. 4-5миң сом төлөп соода кылышат. Көчөдөгүлөр бекер барып алардын ишине да, көчөдө жүргөн адамдардын ишине тоскоолдук жаратат. Соодагерлер бул маселени чечип берүүнү суранып жатышат",- деди аким.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн