Салам, кандайсың, Алмакан? Баарыбызды ыйлаттың го...?
- Эжееее
- Ыйлаба, эмне ыйлап атасың?
- Эжеее, кантип ыйлабайм. Эки баламды багам деп, күндүн ысык-суугуна карабай, эптеп оокат кылып жүрсөм. Болгону алма сатам. Сиз энесиз, сиз мени түшүнөсүз, мүмкүнчүлүгүмдүн жетишинче иштеп атам. Жакында эле авария болгонбуз. Ошондон бери башым ооруйт. Швейный цехтерге иштей албайм, болбосо тигүүчү болуп иштесем, бальким жакшы тапмакмын. Жолдошум рак оорусу менен ооруп, каза болуп калган. Балдарым кичине болчу, сүрөтү деле жок, атасын эстей алышпайт, азыр чоңоюшту.
- Ленин районунун акими чакырыптыр го, жардам беребиз деп?
- Эже, ооба, место беребиз деди. Мен алардан аябай корктум...
- Эмнеге коркосуң? Документтериңе, балдарыңдын соц.коргоолоруна жардам беребиз деди го?
- Билбейм эже, алар деле мага түшүнүктүү кылып айтышкан жок. Бир эжелер, байкелер келип паспортумду сурашты эле, бергеним жок. Эже, Аллахым сизди эки дүйнө бактылуу кылсын. Көп жашаңыз. Мен сизди тааныбайм, бирок жардам берип атасыз, продуктыларды алайын, бирок акчаңызды албай эле коёюнчу эже, өзүңүзгө керек болот, мен кечке чейин иштейм.
- Жок Алмакан, көп акча бералбасам да, болгонун ал, керегиңе жарат.
Чөнтөгүнө акча салып, продуктысына жардам бердик. Кызматта отурган мырза айымдар, силер кабинетте отуруп, маданияттуу, салабаттуу сүйлөгөн сөзүңүздөрдү кээ бирөө түшүнбөй калышы мүмкүн экен. Айтор мен жөнөкөй сөз менен түшүндүрүүгө аракет кылдым.
Алмакандын тагдыры, бүгүнкү күнүбүздүн күзгүсү...
Назгүл Насиева
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн