Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:38
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ош базарынан 10 миң доллар уурдаган шектүү кармалды

Ош базарынан 10 миң доллар уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте акча уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу 6-апрелде Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Окуя 21-март күнү түштөн кийин Ош базарында болгон. Белгисиз адамдар соодагердин кызынан 10 миң доллар жана 50 миң рубль уурдап кетишкен. Акча кыздын сумкасында болгон.


Ошол эле күнү жабырлануучулар милицияга кайрылышкан, бул факты КЖБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен катталган.


Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1983-жылы туулган А.Г. кармалган.

Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Кармалган адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин ИИМ аныктайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн