Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 18:55
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Ош базарында бойдон түшүрүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз сатышат (ВИДЕО)

31.03.2021 18:47
3151
Ош базарында бойдон түшүрүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз сатышат (ВИДЕО)


Кыргызстандагы эң чоң мыйзамсыз дары базары Бишкек шаарындагы Ош базарында жайгашкан. Бул жерден врачтын рецепти жок сатылбай турган дарыларды да сатып алса болот. Сатуучулар андай дарыларды катып коюп, кардарларга жашырып сатышат.

Ош базарынын "Берекет" соода түйүнүнө жакын жерде сатуучулар дарыларды айрымдары жайып сатса, айрымдары контейнерлерде сатышат. Ал жерден дарыканадан тапкан дарылардын баарын табууга болот. Алардын ичинде врачтын рецепти жок сатууга тыюу салынган, бойдон түшүрүүчү дарыларды дагы табууга болот.

“Ош базардан дары алып, боюман түшүргөм…”

Бишкек шаарынын тургуну 31 жаштагы Үмүт, мындан үч ай мурун кош бойлуу экендигин билген. Баласы кичинекей болгондуктан, боюнан дары ичүү жолу менен түшүрүүнү чечкен. Өзүнүн гинекологуна кайрылса, мифепристон, мизопростол дарысы менен бойдон түшүрүүгө болоорун айтып, аларда 2500 сомдон сатыларын айткан. Акчанын тартыштыгынан улам, ал дарыны сатып ала алган эмес.

“Тааныштарым Ош базарында ушул эле дарылар арзан сатылат деп айтып калышты. Ошол жакка барып 600 сомдон Кытайдын бойдон түшүрүүчү дарысын сатып алдым. Сатуучулар менден “Канча жума болду?”, - деп сурап туруп эле, өздөрү ушундай ичесиң деп кагазга жазып беришти”, - дейт Үмүт.

Ош базарында жайма базарда сатылган кытайча жазуулары бар дарыны алып келип ичип, абдан кыйналганын айтат.

“Кан кетип аябай кыйналдым. Бир чети ошол жерден алганга өкүнүп да кеттим. Ичим ооруганы басылбай УЗИге барсам, “Таза түшпөй, калып калыптыр”, - деп айтты. Кайра гинекологума барып тазалатууга туура келди”, - дейт Үмүт.

Каарманыбыз Үмүт акчаны үнөмдөйм деп андан эки эсе акча, ден-соолугу кеткенин айтып кейийт.

Биз өзүбүз кардардын ролунда Ош базарындагы жайма дары базардан бойдон түшүрүүчү дары издедик. Башка дарылар сыяктуу эле аялдар үчүн бойдон түшүрүүчү “Мифепристон” дарысы врачтын рецепти, УЗИнин жыйынтыгы жок эле сатыларына катардагы кардар катары барып күбө болдук. Сатуучулар, “Мифепристондун” Россиядан, Индиядан, Кытайдан жасалган түрлөрү бар экендигин айтышат. Ал тургай, алар дарыны кантип ичиш керектигин да жазып беришет экен.

“Менде бойдон түшүрүүчү Россиянын, Кытайдын “Мифепристон” дарысы бар. Баасы 800-1000 сом. Менимче, Россияныкын ичкен жакшы, көп оорутпайт. Үч дарыны аралыгы бир сааттан бир күн ичесиңер”, - деп түшүндүрдү сатуучу.

Бул дарылар дээрлик бардык сатуучуларда бар экенин, бирок ачык чыгарбай кардар келип сураганда гана алып чыгып берерине күбө болдук.

Ошол контейнерлердин биринен 700 сомго Кытайдыкы делген “Мифепристон” дарысын сатып алдык. Коробкасынын сыртында гана “Мифепристон” деген жазуу бар экенин окубасак, ичиндеги кагаздарынын баары кытайча жазуу экен.

Сатуучу дарыны кантип ичүү керектигин кагазга жазып берди.


“Бул дары коопсуз элеби чын эле, кепилдик бересизби?”, - деген сурообузга, “Жок, эч кандай кепилдик бербейбиз. Буга чейин эч ким, эч нерсе болгон эмес. Сен мени тааныбайсың, мен сени тааныбаймын”, - деп жооп берди сатуучу.


Кытайдын “Мифепристон” дарысы, колдонууга уруксат берилген дарылардын базасында катталган эмес

Биз сатып алган Кытайдын бойдон түшүрүүчү мифепристон дарысын Кыргызстанда колдонуу үчүн каттоодон өткөнбү же жокпу деп Кыргыз Республикасынын дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багытындагы буюмдардын электрондук маалымат базасынан карасак, Кытайдын бул дарысынын катталбагандыгы тастыкталды. Демек, бул дарыны Кыргызстандын аймагында колдонуу мыйзамсыз.

КРнын дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багытындагы буюмдардын электрондук маалымат базасында Россиянын, Индиянын гана “Мифепристон” дарысы атайын лабораториядан өтүп, каттоого алынган.


Каттоодо турган дарылардын колдонуу үчүн көрсөтмөсү орус жана кыргыз тилинде жазылат

Биз Ош базарынан сатып алган Кытайдын “Мифепристон” дарысы, колдонууга уруксат берилген дарылардын базасында жок экендигин дары-дармектер жана медициналык техникалар менен камсыздандыруу департаментинин директорунун орун басары Нурдин Кагаздиев да тастыктады.

“Кыргызстанга келген ар бир дарыны биздин лабораториядан өткөрүп, каттоого алабыз. Кытайдын бул - “Мифепристон” дарысы дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багытындагы буюмдардын электрондук базасында катталган эмес. Менин оюмча, бул дары Кыргызстанга аткезчилик жолу менен алып келинсе керек”, - дейт Нурдин Кагаздиев.

Ошондой эле Ош базарында ачык жерде отуруп дары-дармек саткандарга лецензия берилбей тургандыгын, алар мыйзамсыз сатып жатышканын билдирди.

“Ош базар биздин көп жылдан бери келе жаткан көйгөйлүү маселебиз. Биз канча текшерүүлөрдү жүргөзсөк деле жыйынтык болбой жатат. Ишкерлер биздин базадан каттоодон өткөн гана дарыларды сатканга укуктуу. Мисалы, мындай бойдон алдыруучу дарыларды дарыканаларда рецепт менен гана сатылышы керек. Эл өзү да базарлардан дары-дармектерди албашы керек. Себеби, алар ошол дарыны сатып алып бирдеме болсо эч ким жооп бербейт”, - дейт Нурдин Кагаздиев.

Ал эми дары-дармектер жана медициналык техникалар менен камсыздандыруу департаментинин дары-дармектерди каттоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Курманжан Момбекова, бойдон түшүрүүчү мифепристон дарысын поликлиникалардан гана алуу керектигин, же гинекологдун жазып берген рецебинин негизинде дарыканалардан ала алышаарын айтат.

“Бул дарынын аткезчилик жолу менен келгени көрүнүп турбайбы. Себеби, биздин базада каттоодо турган дарылардын колдонүү үчүн көрсөтмөсү орус жана кыргыз тилинде жазылат. Мисалы, мен бул дары эмнеге колдонуларын биле алган жокмун”, - дейт Курманжан Момбекова.

Бул үчүн эч ким жоопкерчилик тартпайт

Ош базарындагы аткезчилик жол менен алынып келинип, мыйзамсыз сатылып аткан дары-дармактерге Дары-дармектер жана медициналык техникалар менен камсыздандыруу департаменти жооп бербей турганын айтат.

“Ош базарында сатылып жаткан, катталбаган дары каражаттары жана медициналык буюмдар бул мыйзамсыз дары каражаттардын жана медициналык буюмдардын жүгүртүүсү деп бааланат, ошол үчүн биз ага жооп бербейбиз”, - дейт Айгуль Джакубекова.

“Берекет” компаниясынын администрациясы кандай товар сатылганын билбейбиз дейт

Ош базарынын “Берекет” компаниясынын президенти Индира Абласова мыйзамсыз дарылар сатылып жатканын билбей турганын айтат.

“Биз соода орундарын арендага берибиз. Ижара келишими боюнча ар бир соодагер өзүнүн ишмердүүлүгүнө жооп берет. Келишимде уруксаты жок товарларды сатууга тыюу салынган. Келишимди бузса, соодагерлер тийиштүү органдарга өздөрү жооп беришет. Биз келишимди ижара акысын төлөбөй койсо гана буза алабыз. Бирок, ал нерсе жардам бербейт экен. Кыскасы, биз ишкерлердин ишине кийлигише албайбыз”, - дейт “Берекет” компаниясынын президенти Индира Абласова.

Бирок, сатуучулар менен түзүлгөн келишимдин үлгүсүн көрсөтүүнү сурансак берүүдөн баш тартты.

“Экономикалык контрабанда”, “Мыйзамсыз ишкердик” беренелери менен жоопкерчилик каралган

Кыргызстандын юристтер ассоциациясынын мүчөсү Жанабиль Давлетбаевдин айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматынан каттоодон өтпөгөн дары-дармектерди сатууга тыюу салынат. Эгерде андай дарыларды уруксат кагазы жок сатып жатышкан болсо, КРнын Жазык кодексинин 223-беренесинин (берененин аталышы - “Экономикалык контрабанда”); 211-беренесинин (берененин аталышы - “Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш”) негизинде жоопко тартылат.

“Бул - эки негизги берене болуп саналат. Бул беренелерден сырткары, кылмыш ишине байланыштуу башка да беренелер колдошулушу мүмкүн. Мисалы, ошол эле дары-дармектер коррупциялык жок менен Кыргызстанга алынып келинген болсо”, - деп кошумчалады Жанабиль Давлетбаев.



Булак: ПолитКлиника

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн