Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:00
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ош базарындагы мыйзамсыз курулган объектилер, конструкциялар алынды

02.07.2021 18:15
767
Ош базарындагы мыйзамсыз курулган объектилер, конструкциялар алынды


Бишкектин Ленин райондук акимиатынын кызматкерлери Ош базарында кайрадан рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Соодада колдонулган ар кандай 38ден ашуун объектилер, конструкциялар (күндөн калкалоочу чатырлар, столдор, отургучтар, мамылар, майда-барат ташуучу коляскалар) алынды. Ошондой эле сатуучуларга сооданы чектелген жерден ашпай жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Текшерүү Ленин районунун ички иштер бөлүмү, Бишкек шаардык кайгуул кызмат башкармалыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы, "Тазалык" муниципалдык ишканасы жана башка райондук, шаардык кызматтар менен биргеликте жүргүзүлдү.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул иш калктын саламаттыгын камсыз кылуу, райондун экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо, ошондой эле Ленин районунун жана «Ош Базары» соода-базар комплексинин аймагындагы белгиленбеген жерлерде башаламан сооданы жоюу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн