Бугу 16, 2024
Убакыт: 11:20
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ош базарынын аймагындагы мыйзамсыз сооданы жөнгө салуу иштери уланууда

01.08.2022 14:16
811
Ош базарынын аймагындагы мыйзамсыз сооданы жөнгө салуу иштери уланууда


Ош базарынын аймагындагы мыйзамсыз сооданы жөнгө салуу иштери уланууда. Башаламан соода-садыкка каршы күрөшүүдө ИИМдин кызматкерлери көмөк көрсөтүүдө.

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, 25-июлдан тартып Бишкек шаарынын Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүшүүдө.

Ошондой эле Ленин районунун администрациясынын соода бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Ош базарынын айланасындагы мыйзамсыз соода-сатыктарды ирээтке келтирүү максатында иш алып барышууда. Кызматкерлерге күн сайын мыйзамдуулукту бекем сактоо, жарандарга сылык мамиле кылуу жана кесиптик этиканын нормаларын сактоо боюнча нускамалар ѳткѳрүлүүдѳ.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн