"Ош Базары" соода комплексинин аймагындагы стихиялуу соода Ленин районундагы эң чоң көйгөй бойдон калууда. Бул тууралуу Ленин районунун басма сөз кызматы билдирди.
Айрым соодагерлер базардын ичинде соода орундары турса да, сыртында соода кылып келишет. Бүгүнкү күндө Ош базарында болжол менен 450-470 стихиалуу соода менен алектенген соодагерлер бар, ал эми "Ош Базары" соода оюн-зоок комплексинде 695тен ашык бош соода орундары бар. Бардык чарбалык субъектилер стихиялуу соодагерлер үчүн орун берүүгө даяр.
Стихиялуу сооданы жоюу үчүн мобилдик топ «Ош Базары» соода оюн -зоок комплексинин аймагында рейд жүргүздү. Чүй проспектиси, Киев, Токтогул, Кулиев, Бейшеналиева көчөлөрүнүн боюндагы сатуучулар стихиялуу соода жерлерин таштап кетишти.
Рейддин жыйынтыгы боюнча 75тен ашык ар кандай конструкциялар - чатыр, стол, отургуч, манекен, коляска алынды.
Ошондой эле, соодагерлер менен базардын белгиленген чегинен тышкары коммерциялык ишмердүүлүктү ишке ашырууга жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Рейддик иш -чаралар муниципалдык администрация тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.
Урматтуу ишкерлер жана шаардыктар! Сиздерден Бишкек шаарында соода уюштуруу эрежелерин сактоону суранабыз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн