Ош шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен 100 орундуу заманбап оорукана курулат. Бүгүн, 22-июлда шаар мэри Таалайбек Сарыбашов оорукана курула турган жайды көрүп чыгып, курулушту тездетүү тапшырмасын берди.
Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, бүгүнкү күндө оорукана куруу үчүн долбоор даярдалууда.
Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Кубатбек Бороновдун онлайн-кеңешмесинде Бишкек жана Ош шаарларына 100 орундуу оорукана курула тургандыгы айтылган жана курулуш иштерин ушул апта ичинде баштоону тапшырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн