Бугу 03, 2024
Убакыт: 21:36
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ош экотехинспекция жетекчилигине 32 жаштагы адис башчы болуп дайындалды

15.01.2021 09:10
1004
Ош экотехинспекция жетекчилигине 32 жаштагы адис башчы болуп дайындалды

Султангазиев Бекжан Алманбетович Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ош шаардык аймактык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка бөлүмдүн башчысы Мырзабек Жыпаркулов кол койду. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, Султангазиев 32 жашта. Буга чейин ал Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.


Ал буга чейин аймактык башкармалыктар менен иштөө бөлүмүндө адис, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын уюштуруу-аналитикалык иштер бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн