Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:30
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ош электр тармактар ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды

23.01.2024 13:05
348
Ош электр тармактар ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды


Ош электр тармактар ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, ишкананын Ош райондук электр тармактары, Ноокат райондук электр тармактары, Өзгөн райондук электр тармактары жана курулуш монтаждоо бөлүмүнө 3 кран манипулятор жана 2 жүк жүктөөчү экскаватор тапшырылды.

Ош электр тармактар ишканасынын директору Эмилбек Ысманов техникаларды тапшырып жатып, өз сөзүндө жакшы шарттар түзүлүп, тейлөөнүн сапаты да жогорулаганын баса белгиледи.

“Алынган техникалар күз-кыш мезгилине өз убагында даярданууга өбөлгө түзүп, электр энергиясы менен камсыздоонун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат” – деп кошумчалады ал.

Жалпысынан 3 кран манипулятор жана 2 жүк жүктөөчү экскаватор “Кыргызстан УЭТ” ААКтын эсебинен алынды.

Эске салсак, энергетика министри Таалайбек Ибраев өткөн жылы Ош ЭТИнин кызматкерлери менен жолугушу өткөргөн. Анда министр ишкананын унаага болгон зарылчылыгын көрүп, жаңы техникалар менен камсыздаларын айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн