Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Ош гарнизонунун чек ара ведомствосунун офицери пара талап кылып жаткан жеринен кармалды

26.06.2024 17:09
192
Ош гарнизонунун чек ара ведомствосунун офицери пара талап кылып жаткан жеринен кармалды


Ош гарнизонунун чек ара ведомствосунун офицери пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан "Опузалап пара талап кылуу" боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында күн мурун 1985-жылы туулган Ош гарнизонунун чек ара ведомствосунун офицери З.Т.С. кармалды.

Аталган кызматкер материалдык пайда алуу максатында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ар кандай шылтоолор менен узак убакыт бою чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринен системалуу түрдө акча талап кылган.

Учурда З.Т.С. аттуу жарандын кылмыш иштерине тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн