Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ош коогалаңы боюнча ачылган иш сотко өттү

10.08.2022 11:09
983
Ош коогалаңы боюнча ачылган иш сотко өттү

Ош коогалаңы боюнча иш сотко өттү. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирди.


Анын маалымдашынча, ишти Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту карайт жана алгачкы соттук угуу 15-августка белгиленди.


Апрель айында Башкы прокуратура 2010-жылдагы Июнь коогасына байланыштуу козголгон кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти, экс-депутат, маркум Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишинен улам "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен козголгонун маалымдаган.


Анын негизинде мурдагы президент, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаевге, генералдар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Исмаил Исаковго жана саясатчы Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча айып коюлган.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн