Ош-Араван каналынан Ош мамлекеттик университетинин мугалиминин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, маркум 3-июнь күнү таңкы 08:00 чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес. Ош мамлекеттик университетинде мугалим болуп иштеп жүргөн 47 жаштагы мугалимдин жансыз денеси 4-июнь күнү Ош-Араван каналынан табылган.
Учурда жансыз денеге кароо жүрүп жатканы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн