Бугу 15, 2024
Убакыт: 16:46
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ош мэри "Алай" клубунун көйгөйлөрүн укту

19.06.2020 16:04
1023
Ош мэри "Алай" клубунун көйгөйлөрүн укту



“Алай” футбол клубунун футболчулары Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев менен жолукту, мэр менен футболчулар ачык сүйлөшүп, өздөрүнүн бир топ көйгөйлөрүн айтышты, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.



Маалыматка ылайык, алардын акчадан тышкары башка дагы маселелери болгон. Пандемия учурунда 2,5 айдан бери маяна ала албай жатышканын, клубдун жетекчилигине нааразы экенин жана футболчулар жашаган жерде шарт жок экенин айтышты.



Айлык акылары берилет. Оюнчулар жаткан жайлар оңдолот. Шаардык мэрия футболчуларды, футболдук клубду колдоого даяр. Оюнчулардын айткан көйгөйү негиздүү. Былтыр демөөрчүлөр менен биргеликте стадион реконструкциядан өткөн. (Стадионго кире бериштер, отургучтар, ажатканалар жаңыланган) Ал эми жетекчилигин алмаштырып берүү боюнча да айтышты”, - деп билдирди басма сөз кызматынын жетекчиси Азамат Абсаттаров.


 

Ал маалымдагандай, бул боюнча атайын комиссия түзүлдү. Комиссиянын иши менен жыйынтык чыгарылат.

 

Мэрия "Алай" клубунун "тагдырына" кайдыгер болбойт! Ачык айтканда клуб жеке бирөөнүн менчиги эмес. Мэрияга караган клуб. Футболчулардын, футбол күйөрмандарынын айткан сыны туура. Негиздүү сындарды туура кабыл алабыз, - деп кошумчалады ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн