Бугу 16, 2024
Убакыт: 04:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ош мэриясы Исфана шаарындагы 2,5 чакырым жолго жарыктандыруу орнотуп берет

24.08.2021 11:22
491
Ош мэриясы Исфана шаарындагы 2,5 чакырым жолго жарыктандыруу орнотуп берет


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын шаарларына айыл аймактарына жана Баткен облусунун шаарларына көзөмөлдү ишке ашыруу боюнча буйругунун аткарылышынын алкагында Ош шаарынын мэриясы Исфана шаарына 2,5 км жолдорго жарык берүү системасын жакшыртууга жана орнотууга колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.


Бүгүн, 23-август күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов Исфана шаарынын кире беришине орнотуу үчүн 72 электр тирөөчү даярдаган "Пуск" ЖЧК ишканасына барды. Анда биринчи вице-мэр иштин жүрүшү менен таанышып, бул иш Исфана шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошуп, коопсуздукту камсыздоого чоң жардам берет деп билдирди. Электр таянычтарын орнотуу жана электр менен камсыздоо системаларын туташтыруу боюнча көрсөтүлгөн иштер 10 күндүн ичинде жүргүзүлөт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн