Баш оона 22, 2025
Убакыт: 00:21
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Ош мэриясынын 4 кызматкеринен коронавирус аныкталды

27.06.2020 14:14
1446
Ош мэриясынын 4 кызматкеринен коронавирус аныкталды

Ош шаардык мэриясынын 4 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой,  мэриянын төрт кызматкеринин ичинен 3 кызматкер буга чейин сырттан келген жарандарды тосуп алуу, обсервацияга жайгаштыруу боюнча жооптуу иштерде жүрүшкөн. Ооруну кайдан жуктуруп алышканын билишпейт. 

Учурда Ош шаардык мэриясындагы кызматкерлер аралыктан иштеп жатышат.


27-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 309 учур катталды. Муну менен республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 4513 болду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн