Ош шаарынын мэриясынын бир кызматкеринен коронавирус оорусу аныкталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэриясынын бир кызматкеринен COVID-19 вирусу аныкталып, аны менен байланышта болгон кызматкерлер обсервацияга алынган. Шаардык мэриянын аппаратынын кызматкерлери аралыкты сактоо менен күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.
26-июнга карата Ош шаарында COVID-19 инфекциясынын жаңы 47 учуру катталды. Жалпы 500 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн