Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ош мэрлеринин мактанып бетке туткан иштери бир бөлөк, жашыруун кармаган иштери бир бөлөк (видео)

18.05.2021 16:20
1489
Ош мэрлеринин мактанып бетке туткан иштери бир бөлөк, жашыруун кармаган иштери бир бөлөк (видео)


Урматтуу туугандар, Ош шаарынын тургундары, Ош шаарында акырындап өзгөрүүлөр, өзгөртүүгө аракеттер жок эмес бар. Аны көрбөдүк деген сокурлукка жатар.

Мисалы сезилерлик өзгөрүүлөр Жантөрө Сатыбалдиевдин, Мелис Мырзакматовдун, Айтмамат Кадырбаевдин жана Таалай Сарыбашевдин тушунда болду жана болуп атат.

Бирок ошол шаар куруучу мэрлердин элге көргөзгөн, элге мактанып бетке туткан иштерин бир бөлөк, көзгө көрүнбөгөн, аткарылбаган, же жашыруун кармаган иштерин бир бөлөк кылып карап баалаганыбыз туура болот. Ошондо кайсы бир мэрге ашыкча фанат болуудан сактанат элек.

Мисалы, Жантөрө Сатыбалдиевдин тушунда Ош шаардык мэриясы түптөлгөн. Шаарга тротуарларды жаңылап басууну мына ошол Сатыбалдиев баштаган. Бирок шаарга тротуар басууда Сатыбалдиевдин өзүнүн жеке кызыкчылыгы бар эле деген сөздөр айтылып жүрөт, ал эми башка маселе. Сатыбалдиевдин тушунда шаар казынасы көп деле байыган эмес. Муниципалдык мекемелер кирешелүү болалган эмес. Андан сырткары Сатыбалдиевдин тушунда көп эле жерлер жеке менчикке сатылган. Мисалы Ош шаардык эски төрөт үйүнүн короосундагы жерди Сатыбалдиев өзүнүн шопуруна жаздырып алып койгону алигече айтылып жүрөт. Чала бүткөн төрт кабаттуу имарат мына ошол Сатыбалдиевдин де юре шопуруна, де факто өзүнө карайт.

Ал эми Мырзакматовдун маалында шаардын казынасы абдан жакшы көтөрүлгөн. Адашпасам, Мырзакматов келгенде Ош шаарынын бюджети 300 млн сомго жетпесе керек эле. Кийин Мырзакматов кетеринде 1 млрд сомго жеткирдим деп мактанган. Бирок иш жүзүндө 1 млрд сомго жеткен эмес, бирок 800 млн сомго жеткен. Шаар ичиндеги бир нече туюк жолдор ачылган. Азырга чейин анын пайдасын көрүп атабыз. Бул жакшы. Мырзакматов Ош шаарын таштандыдан чынында тазалаган. Шаардагы бактардын мамлекеттик АКТларын алып, четтерин тосуп, ичин адам аралап баса тургандай, эс ала тургандай кылып оңдогон. Анысына рахмат.

Ошол эле учурда дал ушул Мелис Мырзакматовдун тушунда Юго-востоктогу паркты бузуп, ордуна кытайдын кварталындай кылып көп кабаттуу үй курууга Жалил Атамбаевге уруксат берилген. Өтө кымбат бааларга эстеликтер курулган.

Андан сырткары Мырзакматовдун тушунда бир дагы муниципалдык мекеме пайдага чыккан эмес. Өзүн өзү багууга жарамдуу болалган эмес. Бул иштер Мырзакматовдун тушунда болгон. Мырзакматовду канчалык жакшы көрсөк да, канчалык жаман көрсөк да муну мойнубузга алышыбыз керек.

Мелис досун кетирип, ордуна отурган Айтмамат Кадырбаев шаардын жылуулук системаларын оңдогонго жакшы киришкен. Чоң көпүрөөдөн акча өөнөп, эки көпүрөө жана бир эч кимге кереги жок подьюм курган. Токтогул паркынын бир капталына веложол курган. Бирок Токтогулду толук оңдой алган эмес. Бюджет пландуу түрдө гана көбөйгөн, кескин көтөрүлүү болгон эмес. Кадырбаевдин тушунда курулган таза-суу долбоору ишке ашпай калган. Бирок Кадырбаевдин тушунда жеке менчикке жер сатылып кеткенин кулагым чала элек. Муниципалдык мекемелердин эч бири пайдага чыккан эмес.

Азыркы мэр Таалай Сарыбашев Путиндин айрым приемдорун жакшы өздөштүрүп алган. Тагыраагы, ал алгач ишке келгенде эле бир-экөөн катуу сүзүп, элдин баарын коркутуп алат да, баарын баш ийдирип алгандан кийин билгенин жасамай адаты бар. Мисалы Ошко мэр болуп келери менен өзүнүн досу курдуруп аткан көп кабаттуу үйдүн четин буздуруп салган. Кийин андан коркуп калган башка ишкерлер Т.Сарыбашевдин алдынан өтүп, батасын алмайынча көп кабатуу үй куруудан чочуп калышкан.

Ошо ишкерлерди коркутуп алгандан кийин Токтогул паркын, Стадиондун көзгө көрүнөрлүк жактарын, ишкерлердин "жардамы" менен бүтүрдү. Бирок айланма жолду курууга батынган жок. Ошко чыгыш тараптан кирүүчү Тдан түз жол ачканга даабады. Жапалак унаа базарынан Ноокат, Баткен тарапка шаар сыртынан чыгып кете турган айланма жол салынбады. Жок дегенде Шаар ичиндеги туюк көчөлөрдү ачканга да жарабай келатат. Шаардын ошо Мырзакматов менен Кадырбаев кадырлаган Ленин, Курманжан-Датка жана Масалиев көчөлөрүнөн башка көчөлөргө да дарак эгүү керек экенин деги аңдай албай койду. Шаардын батыш тарабындагы Кулатов кичи районун көрктөндүрүүгө көп күч жумшады. Кулатовдогу базарчаны жоюп, ордуна газон септи. Жаңы-Жолдун боюн тазалоого киришип, анысын чала бүтүрдү. Дегеним, мыйзамсыз болсо да мыйзамдашып калган имараттар тегиз сүрдүрүлгөн жок. Ал көчөдөгү автотыгынды жою максаты ишке ашкан жок. Болгону жол боюндагы газондо бир нече отургуч пайда болду. Эми Оштун түндүк тарабындагы Манас-Ата (ХБК) шаарчасына бак тигип, жолун кеңейтүүгө киришти. Жолду кеңейтүүгө жолтоо болбогон чакан ишкерлердин дүкөндөрүн да сүрдүрөм деп турат. Алардын баарын базарга баргыла деди. А базардын өзү бардак экенин, ал айткан Келечек базарында стоянка тартыштыгын, базардын жанынан өткөн Масалиев жана Навои көчөлөрү дайыма авто тыгын экенин көңүл сыртында калтырып жатат. Берки базарга өрт өчүрүүчү машина кере албай турганын, негизи эле шаар курууда базарларды майдалап, кичи райондорго бөлүп чачыратуу максаттуу болорун аңдабай отурат. Кыскасы бүт дүйнө базардан баш тартып, базарларды мадалап, чачыратып жок кылып атканда Сарыбашев шаардын сооданын, тейлөөнүн баарын бир базарга топтоого аракет кылып атат.

Сарыбашевдин тушунда да шаар казынасы кескин өскөн жок. Керек болсо акчанын инфиляциясын да кууп жетпей атат. Бирок Сарыбашев теледен чыкканда муну айтпайт. Муниципалдык мекемелердин эч бири киреше алып келген деңгээлге чыккан жок. Бардык муниципалдык мекемелер кашыгын кармап казынаны сагалап отурат. А ал мекемелердин баарын мэр өзү тандап, өзү дайындайт.

Баса, шаарда авто тыгын чечилбей атса дагы, жолдор жетишпей атса дагы, жол шаарга абадай керек болуп атса дагы мэр Ак-Бууранын боюна таш тизүүнү зарыл деп тапты.

Кыскасы, мен Ош шаарын акыркы 20 жылда башкарган мэрлердин эч бирине ичим чыкпайт. Эч бири шаардын фундаменталдуу маселелерин чече алган жок. Айрым гана радикалдуу кадамдарды эске албаганда шаардын 50 жылдык, 100 жылдык пландуу өнүгүү жолуна көз чаптырган мэрди көрө элекмин.

Шаар бул - жакпай калса ажырашып кете турган аял эмес. Шаар бул - үй. Шаар бул - Мекен.

Ыдырыс Исаков, журналист
Редакциядан: Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн