Бугу 06, 2024
Убакыт: 20:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ош облустук филармонияга жаңы директор дайындалды

20.02.2023 16:09
399
Ош облустук филармонияга жаңы директор дайындалды

Алишер Тоотаев Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониянын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.


Тоотаев Маданият министрлигинин буйругуна ылайык, 20-февралдан тарта ишке киришти.


Жаңы жетекчини эмгек жамаатка маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырып, анын ишине ийгилик каалап, алдыда жасала турган иштер арбын экенин белгиледи.


Алишер Тоотаев 1982-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында туулган.


Ниязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын окутуучу, оркестр артисти багытында жана Кыргыз-Өзбек университетинин экономика багытында билим алган.


Алишер Тоотаев Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармонияда солист, “Долбоор” акционердик коомунда музыкант, “ЭлТР” телеканалында редактор болуп эмгектенген. 2018-жылдан баштап “Жигиттер” фольклордук-эстрада тобун жетектеп келген.


“Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин жана башка бир катар сыйлыктардын ээси.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн