Бугу 10, 2024
Убакыт: 13:59
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ош облустук милициясына 5 даана кызматтык унаа тапшырылды

19.05.2023 15:38
378
Ош облустук милициясына 5 даана кызматтык унаа тапшырылды


 2023-жылдын 17-май күнү ИИМ тарабынан берилген 5 даана «Шевролет Кобальт» үлгүсүндөгү кызматтык унаа Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөн райондук ички иштер бөлүмдөрүнө тапшырылды.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тапшыруу аземи Ош ОИИБдин демилгеси менен уюштурулган «Ар бир кесип ардактуу» аталышындагы иш-чарага чакырылган Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, ИИОнун ардагери, милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров, КРнын эмгек сиңирген ортопед-травматолог дарыгери Сабырбек Джумабеков, Жогорку кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева, Жалал-Абад облусунун казысы Нематилла Жээнбеков, чет тили мугалими жана ошондой эле чет тилин окутуу методика боюнча тренери Куцева Вероникалар катышкан иш чарага туш келди. 


Жаӊы автоунаалардын ачкычтарын Ош ОИИБдин башчысы Жеңишбек Джоробеков менен биргеликте РИИБдин жетекчилерине тапшырылды. 


Башкармалыктын башчысы автоунаалар кызматтын кызыкчылыгы үчүн туура пайдаланылышы керектигин белгилеп, кылмыштардын алдын алуу жана бетин ачууда күнү-түнү талыкпастан иш алып баруу зарылдыгын айтты. Коюлган милдеттерди так аткаруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу багытында талыкпастан эмгектенүүгө чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн